2350-жылдагы Нарыныктардын кечки тамагы, 2019
Жанн Фео де ла Крoа, Динара Каныбек кызы, Айдай Максатбекова, Деңиз Назарова, Зулайка Эсентаева
Кечки тамактын кайрадан тартылган сүрөтү

Жанн Фео де ла Крoа, Динара Каныбек кызы, Айдай Максатбекова, Деңиз Назарова, Зулайка Эсентаева
Кечки тамактын кайрадан тартылган сүрөтү
Бул жомок суунун ханышасы Танаис жана анын суу жээгинде өскөн Тал дарагына болгон сүйүүсү жөнүндө. Бир күнү Танаис ойгонуп, сүйүктүүсү Талды адаттагыдай өсүп турган жеринен таппай калат. Эмне кылаарын билбей, ал аны издеп жөнөйт, алыс аралыкка агат, күрүчүн сугарууга бургусу келген адамдар менен күрөшөт. Танаис досторуна жолугат, камыштар менен жолугушат. Акыры бир кичинекей кызга жолукканда, ал Танаиске дарактар баспаган үчүн Тал качып кете албай тургандыгын айткан. Анда кандай себеби болгон, Тал кайда? Кайгырган Танаис менен кийин эмне болду?
Деңиз Назарова
Сүрөт-күндөлүк
“Куюш” күндөлүгү Нарын-Сырдарыянын социалдык өмүрүн изилдеген илимий топтун ишинин негизинде келип чыккан долбоор тууралуу баяндайт. Илимпоздор чыгармачыл адамдар менен бирге Нарынга аттанып, илимий изилдөөнүн жыйынтыктарын калың эл менен көргөзмө аркылуу бөлүшүү максатын коюшкан. Ушу он күндүн ичинде биз бири-бирибизден көп нерсени үйрөнүп, ой-жүгүртүү менен элестетүү жөндөмдөрүбүздү курчутуп, Нарынды этнографиялык жактан таанып, бир далай көз ирмемдерди чогуу өткөздүк. Бул күндөлүк ошол көз ирмемдердин эң кызыктууларын чагылдырат.
Жанн Фео де ла Круа, Деңиз Назарова, Чолпон Жуманалиева, Айдар Жумабаев
Фотосүрөт Көпүрөлөр майда сыйкырдуу бөлүкчөлөргө окшош, буга чейин болуп көрбөгөн нерселерди чындыкка айландыргандай. Көпүрө жөнүндө ойлонсок кандайдыр бир нерседен аттап кетүү же ал менен эч кандай мамиле түзбөгөндөй элестетебиз. Алар ар дайым максаттуу түрдө орнотулат жана жок болот. Көпүрөлөр эки жебе сыяктуу бир эле учурда эки багытты көрсөтөт. Бирок, аларга башка жандуу заттардай эле кам көрүшүбүз керек, адам алар менен ар кандай мамиле түзөт, мисалы: соода жүргүзүшөт, алар аркылуу турмуш курушат, үстүндө сейилдешет. Нарын жана Сырдарыя дарыяларынын жээгинде жашаган элдердин жашоосуна көпүрөлөрдүн курулушу жана кулашы чоң таасирин тийгизген
Continue readingАлтын Капалова, Айдай Максатбекова, Лия Созашвили, Зуля Эсентаева, Оксана Капишникова, Назик Абылгазиева, Ольча Щетинина, Мохира Суяркулова
Курак-сүрөт
Куджант шаарында элге “Тажик деңизи” деп таанылган Кайраккум суу сактагычындагы шаардык жана “жапайы” жээктерде, Сыр-Дарыянын жээгиндеги чайканаларда жана майканаларда (сыра жана башка ичимдиктерди ичүүчү жайларда), нарда ойноп, балык уулап жана сууга түшүп жаткандардын арасында аялдардын бар болуусу кадимки көрүнүш эместигин жана коомдо кабыл алынган “туура” жүрүш-туруш түшүнүктөрүнө шайкеш келбегенин Др. Мохира Суяркулова байкаган.
Питер Кьюсак
Аудио
Суушталган аудиолор «Арал деңизинин жана Нарын дарыясынын окуялары» көркөм долбоорунун бир бөлүгү. Аталган долбоордо Арал деңизинин 1960-2018-жылдардагы тарыхы, деңиз соолуп, Анан кайра толо баштаганын изилдейт. Нарын суусу Аралга акканы үчүн, Нарындын да тарыхы маанилүү. Питер Кьюсактын долбоору суунун, деңиздин үн-добуштарына арналган. Питердин негизги суроосу болуп “Суунун үнүн угуп, суу кандай колдонулуп, же кордолуп жатканын билсек болобу?” эсептелинет.
Тынарбек Керимбеков
Тома Сербан Пейу, Алис Хилл
Видео
“Виртуалдык суу” анимациясы – Арал деңизинин суусунун агымын камтыган карта. Виртуалдык суу деп аталып, бул пахта чарбачылыгына, суугатка кеткен суулардын агымын чагылдырат. 1960-жылдан 2016-жылга чейин айыл-чарба багытында ашкере колдонулган суу Арал деңизинин кургашына алып келген. Тома Пейу жана Алис Хилл анимация үчүн пахта жана суугатка тиешелуу маалыматты колдонушкан. Пахта ири экспорттолуучу өнүм болгондуктан, анын суугарууга кеткен суулардын маалыматына көңүл бурушкан. Анимациядагы нурлар пахта талааларына бурулган суунунун көөлөмүн билдирет. Суунун “миграциясына” көз салсак, ал адамдардын миграциясын да чагылдырабы деген ой пайда болот.
Айбек Самаков, Зуля Есентаева, Нарынбек, Динара Каныбек кызы
Жасалма
Сырдарыянын аягында өмүр сүргөн элдин тиричилигинде жана үнөмиятында суу боюнда жыш болуп өскөн камыш өзгөчө орунду ээлейт. Жайында орулган камыш малга тоют катары колдонулат. Жергиликтүү диалектте “пшен” деп аталат. Кышында орулган камыш болсо, курулушта колдонулат. Кышкы камышты тыгыз боо кылып байлгандан кийин, ошол боолор “пашын”, же “шом” деп аталат. Үйлөрдүн дубалдарын пашын менен толтурушат, же кыдырата тизип, кашаа да жасаса болот.
Continue readingАдхам Аширов
Видео
“Мирабтар” аттуу видеотасмада Орто Азия чөлкөмүнөн жоголуп бара жаткан мираб кесиби жөнүндө баяндалат. Заманбап жашоодо мирабка жакын кесипти суу тармагында муниципалдык кызматтардан табууга болот. Илгертен бери мирабдар сугат тутуму менен алектенип келишкен. Алар арыктар аркылуу сугат суусун өткөрүшүп, көчөттөрдү сугарууну жана айылдын салкын болушун камсыз кылышкан.
Гульзат Баялиева, Динара Каныбек кызы, Оксана Капишникова, Айдар Жумабаев, Деңиз Назарова
Жасалма, курак-сүрөт
Бул жасалма “Агымда” деп аталып, айланып турган аспап аркылуу Шамалды-Сай менен Маскөө шаарынын ортосундагы агымдарды көрсөтөт. Бул эки алыскы шаарларды бири-бири менен ийри долбоорлор жана үнөмияттык айлампа сымал байланыштырат.
Шамалды-Сай шаарчасы 1956-жылы Үч-Коргон ГЭСин курулуш долбоорунун натыйжасында пайда болгон. Бул Нарын дарыясында “туңгуч” ГЭСи болгон. 1914-жылдан тартып, бул аймакка изилдөөчүлөр келе башташат.