Нарында суу: көппү же азбы?

Бүткүл Борбордук Азияда “Суу – өмүр булагы” деген ураандарды угууга болот

Кыргызстандагы Нарын дарыясынын жээгинде ушул сыяктуу ураандарды көбүнчө ичүүчү суу менен камсыздоонун же сугат инфраструктурасынын айланасындагы жазуулардан да көрүүгө болот. Айрым адамдардын суунун тазалыгына өтө кылдаттык менен мамиле кылып, сууга түкүрбөңүз же самындалган сууну төкпөңүз деп тыюу салган тактадагы жазуулар таң калдырат. Ошентсе дагы, кээ бирөөлөр машинесин же килемин дарыянын жээгинде жууганды жакшы көрүшөт. Дарыяда унаа жана килемдерин жуугандар көбөйүп бараткандыгы Нарынга кандай таасир этет?

(Аманда Вуден, 2013)

Нарын суусу 11% мөңгүлөрдүн агын сууларынан жана 35% га чейин эриген карлардан улам толукталат. Нарын дарыясынын бассейниндеги мөңгүлөрдү изилдөөдө акыркы элүү жыл ичинде массасынын 20% га жакынын жоготкон 507 мөңгү эсептелген. Көпчүлүк адамдардын Кумтөр алтын кени Нарындын мөңгүлүү баштарында иштеп жаткандыгына тынчсызданууда. Көпчүлүгү Давыдов мөңгүсүндөгү цианид калдыктары боюнча кабардар. Шахтадан суулар жарылса же жер титирөөдөн цианид калдыктары төгүлүп калса, эмне болот деген кооптонуу бар. Айрым жергиликтүү тургундар мөңгүлөрдө алтын казуу тыю салыныш керек дешет. Башкалар болсо, алтын кенинен көбүрөөк акча алуу туура деп көрүшөт.

Сууну колонкалардан ташып алуу Борбор Азия элдеринде кеңири тараган. Бул жоопкерчилик үй-бүлөнүн эң кичүү мүчөлөрүнө же келин сыяктуу ылдыйкы статустагы мүчөлөргө жүктөлөт.

Мындай колонкалар Советтер Союзунун аягында же кийинчерээк гранттык акчага орнотулган. Аларды тейлөө көбүнчө керектүү каражаттарды издеп жүргөн жамааттардын милдети. Региондук жана жергиликтүү суу көйгөйлөрү кургакчыл климатка эмес, тескерисинче, суу таркатылышына жана суу инфраструктурасынын жоктугуна байланыштуу. Колонкалар жанында суудан да башка мааниси бар, элдин жолугушуу жайына да айланып калган. Ал жакка сууну алганы келгендер жаңылыктарды бөлүшүп, кобурашып кетишет. Азыр айрым аймактарда суу ар бир үйгө берилип жатат. Бул адамдардын көчөдө жолугушуу жана сүйлөшүү ыкмасын кандайча өзгөртөт? Жаштар жана келиндер колонкадагы жолугушуулары токтоп калгандыктан, эмнелерден айрылат?

Балыктардын көптүгүнө карабастан, Сырдарья дарыясынын дельтасынан айырмаланып, жергиликтүү тургундар үчүн балык маанилүү азык-түлүк эмес. Нарын шаарынын тургундары балыктар бир кезде “суу курттары” деп аталып, ачкачылык мезгилиндеги гана азык катары эсептелгенин эскеришет. Балык кармоо – көпүрөлөрдүн астында жашынган шумдуктуу балыктар жөнүндө кызыктуу окуяларды сүйгөн жаш балдар жана эркектер үчүн хобби.

Нарын шаарында дарыянын күчтүү агымы эки метрлик тоскоолдуктардын арасынан агып өтөт жана бир нече жерлерде гана бутуңду дарыяга сала аласың. Тез агуучу суу көбүнчө адамдын өмүрүн алат, ошондуктан Нарынды көбүнчө кандуу суу, кандуу Нарын деп аташат. Шаар көбүнчө дарыяга көңүл деле бурбайт, себеби Борбор Азиянын башка дарыянын боюндагы шаарларындагыдай салкын жээктери жокко эсе, мисалы Ходжентти карагыла. 

Дарыяга жакын жайгашкан үйлөрдүн терезелери күркүрөгөн суудан алыс, көчөлөрдү карайт. Өрөөндөгү айылдар дагы тоо боорунда жайгашкан: дарыя тарапта, бирок  өтө жакын жерде эмес. Дарыядан алысыраак жайгашканы шаарды жана башка калктуу конуштарды кырсыктан коргогону. 2016-жыл катуу кургакчылыктан кийин (рекорддук көрсөткүчтөрдүн бири) жаан-чачындын көлөмү, кардын эриши жолдорду жана көпүрөлөрдү жууп кетти. Жергиликтүү тургундар айткандай, жолдорду жана көпүрөлөрдү “дарыя жеп кетет”. Демек, суу ресурстарына бай дарыя кээде жергиликтүү тургундарына терс таасирин тийгизип, жакырлатышы мүмкүн.