2350-жылдагы Нарыныктардын кечки тамагы, 2019

Жанн Фео де ла Крoа, Динара Каныбек кызы, Айдай Максатбекова, Деңиз Назарова,  Зулайка Эсентаева

Кечки тамактын кайрадан тартылган сүрөтү

2548-жыл. Археология илимдеринин докторлору Айдай Максатбекова, Жанн Фео де ла Круа, Деңиз Назарова, Динара Каныбек кызы жана Зулайка Эсентаева дүйнөнү дүркүрөткөн ачылыш кылышты.

Алар пластик дооруна тиешелүү 2350-жылдын табылгаларын табышты. Илимпоздордун божомолуна ылайык табылга ата-бабаларыбыз жеген пластик тамактардын калдыктары болуп чыкты.

Элдер белгисиз себептерден улам көчүп кетишкен, даярдап койгон тамагы болсо ошо бойдон калган. Жаратылышты сактоо сезимдеринен улам, ал заманда бай кишилер операция аркылуу ашказандарын өзгөртүп, кылымдар бою топтолгон пластикти жеп, сиңирүүгө ашказандарын ылайыкташтырышкан. Ал кезде ар бир адам кадимки органикалык тамакты жегенге укуктуу деген каршы-кыймыл да пайда болгон деп илимпоздор божомолун айтышат. Бирок 2400-жылдарда ар бир киши пластикти сиңире ала турган ашказан жасатып алууга мүмкүнчүлүгү пайда болгон.