Биз жөнүндө

mainmap.jpg

Биз, Өзбекстан, Кыргызстан жана Германиядан изилдөөчүлөр тобу, төрт жыл бою Нарын-Сырдарыянын элинин турмушун изилдеп келдик. Айрым материалдардын жыйынтыгы боюнча, илим менен көркөм өнөрдү бириктирип, ушул виртуалдык көргөзмөнү уюштурдук. Биз Шамалды-Сай, Казалы, Нарын, Фергана жана Худжанд дарыясынын жамааттарынын колдоосу менен вебсайттагы материалдарды даярдай алдык. Учурдан пайдаланып, биздин топ жергиликтүү мектептерге, активисттерге жана шаар башчыларына өзгөчө ыраазычылык билдирет. Ошондой эле көргөзмөнүн кураторлоруна, долбоордун координаторлоруна, башка иш-чараларыбыздын катышуучуларына, котормочуларга, сүрөтчүлөргө жана техникалык кызматкерлерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Институционалдык өнөктөштөрүбүзгө: Аялдар Кеңешине, Борбордук Азия Университетине жана Тюбинген университетине өзгөчө ыраазыбыз. Биздин изилдөөлөрдү колдоп, каржылагандыгы үчүн Фольксваген Илимий Фондуна (Германия) жана виртуалдык көргөзмө долбоорун каржылаган Ачык Коом Институтуна (АКШ) дагы ыраазычылык билдиребиз.

Kөргөзмөнүн уюштуруучулары: Гүлзат Баялиева, Айбек Самаков

“Нарын-Сырдарыя” изилдөө тобу

Жанн Фе де ла Кроа (Тюбинген университети, Германия) – айлана-чөйрө жана коом боюнча изилдөө тобун жетектеген социалдык антрополог. Фольксваген Фондунун Нарын/Сырдарья дарыясынын жашоосу боюнча изилдөө долбоорун башкарат. Илимий кызыкчылыктары: суу-энергетикалык маселелер, курак-муундар ортосундагы мамилелер жана Борбор Азиядагы туруктуу жашоо образы. Доктор Жанн Фе де ла Кроа ошондой эле Борбордук Евразия Изилдөө Коому менен аймактык ишмердүүлүктү жана академиялык эркиндикти колдойт.

Баялиева Гүлзат – Тюбинген университетинин (Германия) Коомдук Антропология бөлүмүнүн докторанты жана мугалими. Борбордук Европа университетинде (Венгрия), Бишкек Гуманитардык Университетте (Кыргызстан) окуп, изилдөөчү катары Корнель, Гарвард университеттеринде (АКШ), Европалык Университет Институтунда (Италия) илимий тажрыйбасын уланткан. Бир нече эл аралык макалалардын автору.

Адхам Аширов – профессор-этнолог, Өзбекстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун этнология бөлүмүнүн башчысы. Илимий эмгектери өзбек элинин салттуу билимдерин, ырым-жырымдарын жана фольклорун изилдөөгө багытталган. Анын акыркы долбоорлору өлкө боюнча салттуу өзбек ашканасынын ар түрдүүлүгү боюнча кеңири этнографиялык изилдөөлөрдү камтыйт.

Мохира Суяркулова – философия илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Психология кафедрасынын доценти (Кыргызстан). Саясат таануучу / эл аралык мамилелер боюнча адис катары билим алып, учурда өзүн академия, активизм жана искусство кесилишинде иштеген “дисциплинасыз илимпоз” деп тааныштырат. Анын акыркы илимий иштери Борбор Азиядагы экологиялык саясат, гендердик жана жыныстык саясатты камтыйт.

Айбек Самаков Тюбинген университетинин аспиранты. Магистр даражасын Канаданын Манитоба Университенинин Табигый байлыктарды башкаруу институтунан алган. Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Айгине маданий-изилдөө борборунун Кыргызстандын касиеттүү жерлерин жана салттык билимин изилдөө долбоорлоруна көп жылдар бою катышкан. Айбек Самаков Кыргыз Респуликасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук Коммиссиясына серепчи катары жардамын берет.

Чолпон Аламанова – китептердин сүрөтчү-иллюстратору жана “Чомикс” онлайн комиксинин автору. 2015-жылдан бери өзүнүн студиясында элдик көркөм кол өнөрчүлүк “Курак” боюнча сабак берет. Чолпон Аламанова Кыргызстан Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, ошондой эле Япония, Бельгия, Түркия, Россия, Пакистан, Өзбекстандагы ири эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн катышуучусу.