Нарын – Сырдарья

Дарыя дүйнөсүнө кош келиңиздер! Биз сиздерге Нарын-Сырдарья сууларынын боюнда өмүр сүргөн элдин турмушунaн көз ирмемдерди чогултуп, онлайн көргөзмө аркылуу тартуулап жатабыз.

mainmap.jpg

Нарын жана Сырдарыя дарыялары Борбордук Азиянын табигый кереметтеринин бири. Тянь-Шань мөңгүлөрүнөн башталган дарыя Арал деңизине чейин 3000 чакырым жип сымал агып, жайлоолорду, ири суу сактагычтарды, айыл чарба оазистерин, байыркы шаарларды жана чөлдөрдү бириктирет. Бул кооз дарыялар өсүмдүк, жер-жемиштерди өстүрүү, электр энергиясын алуу үчүн колдонулуп, аймактын калкынын жарымын суу менен камсыз кылат. Бирок көпчүлүк учурда жергиликтүү тургундар суу тартыштыгын, жетпегенин айтып ачууланат, ошондой эле суунун сапатына дагы тынчсызданышат. Бул көргөзмө кыргыз-өзбек-немис антропологдор тобу тарабынан даярдалып, суунун көп маани берилбеген жактарын белгилөөгө умтулат.

Виртуалдык көргөзмөдө биз дарыяны үч тематикалык баяндоо аркылуу чагылдырдык. 1. “Адам” аталышындагы бөлүктө элдин Нарын жана Сырдарыя суулары менен болгон байланышы жана тажрыйбалары берилген; 2. “Чөйрө” бөлүгү жаныбарлар менен дарыялардын  байланышын чагылдырат; 3. “Альтернатива” бөлүгүндө дарыянын альтернативдүү, башка окуяларга, элестерге байланышкан жашоосу берилген. Нарын – Сырдарыя дарыясын булактан баштап, агын сууга чейин сүрөттөп, бул үч тематикалык баяндамалар беш жерди бириктирет.

Адамдар жана табияттагы балык сыяктуу жандыктар дарыя менен кандй мамиледе болгон жөнүндө окуялар бири-бири менен тыгыз байланышта. Ушул байланыштарга көңүл буруу дарыянын жашоо-турмушу канчалык кескин өзгөргөнүн жана биз дарыянын келечегин түшүнүүгө жардам берет.

Дарыянын көптөгөн жашыруун бөлүктөрү жөнүндө түшүнүк алуу – эл аралык Нарын-Сырдарья сууларын, жээгиндеги жашоочуларын, ал элдер бири-бири менен байланышуунун жаңы жолдорун табууга жардам берет.

Бул онлайн көргөзмө 2018-жылы Нарында өткөрүлгөн көргөзмөнүн негизинде курулган. Беш жерде жүргүзүлгөн илимий-изилдөө долбоорлорунун негизинде материалдар андан ары иштелип чыккан. Көргөзмө коомдук илимдердин изилдөөсүнөн келип чыккан жана маанилүү суунун коомдук абалы жөнүндө маалымдап, аны тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатын көздөйт. Көркөм чыгарманын артындагы илимий изилдөө жөнүндө кененирээк маалыматты бул жерден тапсаңыздар болот.

Биздин илимий жана көркөм иш-чарабызды сизге тартуулайбыз. Ошондой эле биздин Facebook жана Instagram баракчаларыбызда дагы маалыматтар бар.