Шамалды-Сай

Нарын дарыясынын жанындагы Шамалды-Сай шаарчасы

Дүйнөдөгү көпчүлүк калктуу конуштар дарыянын айланасында өнүгүп келген, анткени алар шаардын жашоосунда маанилүү ролду ойношкон. Суу эко-биологиялык, химиялык гана зат болбостон, зор коомдук мааниге ээ. Бул, айрыкча, дарыялар менен адамдардын тыгыз мамилелеринде байкалат. Адамдар суу менен байланышканда, суу H2O молекуласы гана болбой, башка социалдык кубулуштарга ээ болот. Бул баракчадан Нарын дарыясынын ылдый агымынын сол тарабында жайгашкан Шамалды-Сайдын жашоосунун айрым учурлары менен таанышасыз. Изилдөөчү-антрополог Гүлзат Баялиева ушул жерде туулуп-өскөн жана сизди өзүнүн шаарчасы менен тааныштырат.

Бул бөлүмдө Шамалды-Сай тууралуу ар кандай темалар, Нарын дарыясында алгач болуп курулган үч-Коргон ГЭСи боюнчадаректүү тасма, суу инфраструктурасынын абалы жана чек аралардын пайда болушу жөнүндө кыскача сөз болот. Мындан тышкары, сайтыбыздын “Адам” бөлүмүнөн “Агымдар” аттуу арт-конструкцияны көрө аласыз.

Тогуз жолдун тоомунда

Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы Таш-Көмүр шаарына баш ийип, коңшулаш 6 айылды тейлейт: Шамалды – Сай, Теңдик, Кудук – Сай, Кызыл – Алма, Кашкулак – Сай, Чүйүт – Сай. Жалпысынан бул аймакта 18000ден ашуун адам жашайт. Шамалды-Сай Жалал-Абаддан 110 км, Таш-Көмүр шаарынан 34 км алыстыкта ​​жайгашкан.

Шамалды-Сай бир нече ГЭСтерди курууга түздөн-түз катышкан гидрокуруучулардын шаарчасы деп эсептелет. Нарын дарыясында – аксакалы Үч-Коргон, Күрп-Сай, Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтери курулган Үч-Коргон ГЭСи – Нарын каскадынын тунгучу. Эгерде 1960-жылдары курулуш жылдарында ал “эң кубаттуу” деп аталса (180 МВт), азыр ал өлкөдөгү эң төмөнкү кубаттуу ГЭСтердин бири болуп эсептелет. 1956-жылы Нарын дарыясындагы биринчи ГЭСтин курулушу үчүн убактылуу курулган Шамалды-Сай кеңейгенден кеңейип келет. 1990-жылдары, СССР кулагандан кийин, жергиликтүү заводдордун жабылышына жана өнөр жайдын төмөндөшүнө карабастан, шаарча өзүнүн өнүгүү жолун тапкан. 3000 адамга гана ылайыкташтырылган Шамалды-Сай азыр 18000ден ашуун адамды тейлейт. Мурунку өнөр жай шаарчасынын ийгилиги анын географиялык абалы менен байланыштуу – аны жергиликтүү тургундар өздөрү жети жолдун кесилишинде аташкан.

 Шамалды-Сай дарбыздары

Өлкөнүн башка аймактарында Шамалды-Сайдын ысымы дарбызга да байланaт. 2000-жылдардан баштап “Шамалды-Cай” дарбыздары брендге айланып, Кыргызстандын борборуна жеткирилип турат. Чындыгында, бул дарбыздар Шамалды-Сайда өссө дагы, массалык түрдө алар коңшу Кызыл-Жар, Кызыл-Туу айылдарында жапырт өсөт. Ошол жерден жайылып, биринчи дарбыз сезонун ачышaт. Шамалды-Сай дарбыздары Шамалды-Сай айылынын маңдайында жайгашкан Ош-Бишкек унаа жолунун боюндагы коон-дарбыз базарынан улам атала баштаган. Башка региондордун жашоочулары узак жолду кыскартып, жай мезгилинде таттуу жана арзан “шамалды-сай дарбыздарын” сатып алуу үчүн ушул жерге токтошот.

“Шамалды-Сайда шамалдан башка эч нерсе болгон эмес”

Шаарчанын тургундарынын эскерүүлөрүнө таянсак, бул сайда кааттуу шамал  атчандарды да учуруп салчу экен.  Катуу шамал азыр дагы, көп кабаттуу үйлөр курулуп бүткөндөн кийин, электр зымдарын жана бак-дарактарды үзүп салышы мүмкүн. Модернизациялоо жана Советтик ойлорго байланыштуу жергиликтүү эскерүүлөр кызык суроолорду туудурат. Тургундар Шамалды-Сайда шамалдан башка эч нерсе болгон эмес деп ишенишет. Көпчүлүк бул жерде “ээн талаа” болуп, дамба, ГЭС, шаарча курулганга чейин “адамдын изи” да болгон эмес деп баса белгилешет. Мындай дискурс Союз учурунда «жашоону биз алып келдик», «ээн турган, жараксыз жерлерди бейишке айланттык» деген маанайда айтылып келинген. Бул жердеги жашоо, Шамалды-Сайдын тургундарынын айтымында, 1956-жылы советтик электрлештирүү долбоору башталгандан кийин гана пайда болгон. Чын эле ошондойбу? Ооба, шаардын курулушу жана өнүгүшү Нарын дарыясында алгач болуп курулган Үч-Коргон ГЭСине байланыштуу. Бирок 1956-жылга чейин бул жерде шамалдан башка дагы бир нерсе болсо керек? Канчалык «ээн», «керексиз »жана “адамдын буту баспаган” жер болгонун карап көрөлү.  Шаарчага кире бериште талаа бойлой темир жол салынган рельстер бар, алар азыр дагы бар. Кээде, вагону бар өндүрүштүк поезд өтүп, көмүр же темир ташыйт. Демек, бул жерде шамалдан башка дагы объектилер, анын ичинде адамдар дагы болгон. Мисалы, 1936-жылы курулган Таш-Көмүр – Үч-Коргон темир жол тилкесинде жайгашкан, ушул эле аталыштагы “Шамалды-Сай” темир жол бекети да күбө. Ошол жылдары курулган жана жарым-жартылай сакталып калган, азыркыга чейин жашап жаткан казармалар дагы “ээн талаа болгон” дегенге каршы келет. Белгилеп кетсек, ГЭС курула электе эле адамдын издери болгон экен. Казармалар менен темир жолдон тышкары, Жедигер уруусунун оозеки баяндары, санжырасы бар. 18-19-кылымда жергиликтүү Базыл Баатырдын оозеки тарыхында баяндалгандай, Шамалды-Сай аркылуу Нарын дарыясында кечип өтө турган, суунун тайыз жери болгон. Базыл Баатыр жоокерлери менен бул жерге чогулуп, мал сугарып, түнөп, башка жээкке өтүшчү. Сол жээктеги уруулар, атап айтканда “жедигер” Өзбекстандын базарларына жетүү үчүн Шамалды-Сай дарыясын кечип өтүшсө, оң жээктеги Саруу уруулары, Аксыдан, Таластан кыргыздар дарыядан берки бетке келишчү. 

Таза суу

Көпчүлүк айыл-жерлериндей эле, Шамалды-Сай шаарчасында жана анын тегерегиндеги айылдарда тaзa суу маселеси курч турат. Көпчүлүк учурда, бул эскирип калган, бузулуп калган же болбосо таптакыр эле куурулбай калган инфраструктурага байланыштуу. Жергиликтүү тургундар мындай үзгүлтүккө көп жылдар бою учурап жүргөндүктөн, суунун жоктугуна көнүп калышкан. Суу жумасына бир нече жолу өчүрүлүп, өкмөт аны “тазалоо-курулуш” иштери менен түшүндүрөт. Cуу менен камсыз кылуучу жабдыктар, чындыгында, капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Шамалды-Сайдын суу түтүктөрү 1957-жылы орнотулган. Бүгүнкү күндө анын 80% жарактан чыккан. Ичүүчу суу түз эле Нарын дарыясынан фильтрден тазаланабай келет. Көпчүлүк адамдар суунун тазалангандыгын жана анын сапаттуу курамы кандай экендигин билишпейт. Көптөгөн жакын айылдар суу менен камсыз болбогондуктан, алар Нарындан түздөн-түз сууну флягаларга, цистерналарга, челек-чакаларга толтуруп камдашат. 90-жылдарга чейин Теңдик айылынын тургундары Нарын дарыясынан бакан менен суу ташып турушчу, ошондой эле эшектер менен, акыркы жылдарда автоунаалар менен ташып калышты. Сууну тиричиликте пайдалануу үчүн кээ бир короолордо жердин астындагы сууга жетүү үчүн кудуктар казылып, хауздар жасалат. Суу маселеси, алыскы айылдарды суу менен камсыз кылуу иштери  мамлекет тарабынан каралбай келет.

Чек аралар

Шамалды-Сай чек арада жайгашып, Фергана өрөөнүнүн түндүк бөлүгүн түзөт.  Өзбекстандын Үч-Коргон шаары жана базары менен кылымдар бою тыгыз байланышта болгон. Чектеш мамлекет менен жол байланышы түздөн түз «Шамалды-Сай – Үч-Кoргoн» станциясынан темир жол аркылуу болгон; ошондой эле, 8-километр деп аталган конуштан асфальттык жол аркылуу; андан сырткары Нарын дарыясындагы көпүрө (Кызыл-Жар айылы) аркылуу карын-катнаш, соода мамилелерин бекемдешкен. Бирок Союз  кулагандан кийин эгемендүүлүккө ээ болушу менен мамлекеттер чек араларды бекембеп баштаган. Чек аралардын пайда болушу коншулаш жайгашкан элдин мамилелерине, кыз алып бергенге, карын-катнаштарга, соода мамилелерине абдан чоң таасирин тийгизген.  Аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо иштери дароо эле иштеп кеткен эмес. Экономикалык абал оор болгондуктан, эл аралык уюмдар материалдык гана жактан эмес, аскер кызматкерлерин жана чек арачыларды окутууга жана каржылоого  да жардам берди. Көптөгөн жылдарга созулуп, дагы деле чектеш аймактарда, Фергана өрөөнүнүн ар кайсы бурчунда талаш-тартыш жерлер бар. Алардан айырмаланып, Шамалды-Сай чегара маселеси чыры жок чечилип, талаштуу аймактар жок. 

2000-жылы диний экстремизмге жана “Баткен окуялары” деп аталган окуяга байланыштуу Өзбекстан Үч-Коргонго жолду казып, зымдарды тартып, жолду жаап салган. Кызыл-Жардагы көпүрө дагы демонтаждалып, жол буулган. Кыргызстан тараптан 2003-жылы Шамалды-Сайда чек ара кызматы пайда болуп, аскер күчтөрү жайгаштырылган. Жалпы Жалал-Абад облусу боюнча, Шамалды-Сайдагы чек ара кызматынын башкы штабын түзүү чечими кабыл алынды. Ошентип, кароосуз калган No108 кесиптик техникалык окуу жайы чек арачылардын баш калкалоочу жайы болуп, эски автобаза болсо, аскер күчтөрүнүн штабына айланган. Алар ГЭСтер менен биргеликте өзгөчө корголуучу объекттер деп эсептелет. Бүгүнкү күндө Шамалды-Сайда күтүлбөгөн жерден пайда болгон аскерлер менен чек арачылар кадимки көрүнүшкө айланды.