Көпүрөнүн өмүр баянынан элестер
1840-жылдын жаз мезгили: Нарындын жээгиндеги токойлуу өрөөндөр балталардын добушу менен жаңырды. Чокой кийген эркектер жана койчулар кырк метрлик Тянь-Шань карагайларын кыйып жатышат. Алар дарактарды дарыяга сүйрөп барып, кабыгын сыйрып жатышты. Ири сөңгөктөр күз-кыш мезгилдерине чейин кургап турушат. Нарын дарыясында муз катып калганда, Ат-Башы өрөөнү Торугарт ашуусуна алып баруучу аттардын жардамы менен дарыядан 20 км ылдый жыгачтарды ташып кайтышат. Бул жерде, Нарын дарыясынын эң кууш жеринде, дөңгөчтөрдү биринин артынан бири көтөрүлүп, жаңы жол түзүлүп жатат.
Мен эми бир калыпка келдим, суунун үстүндө созулган көпүрө болдум. Жаңы төшөгүмө отуруп, жыгачтарым арканга ылайыкташып, күнгө сиңип башташты. Менин астымдагы дарыянын кыймылы муздун жылышынан башталат. Жайдын келиши менен карлыгачтар менин капталдарыма уяларын уюп, Нарын болсо, менин курсагымды муздатып жатат. Адамдардан калган нандын ушактарын, малдарга жүктөлгөн баштыктардан түшкөн дандарды издешип, түнкүсүн чычкандар менен келемиштер мени аралайт. Эми төө кербендерине суу каптаган чытырман майда токойду, Кокон чебинин Куртка жанындагы тайыз жерге 50 км басып, айланып өтүүнүн кажети жок, мен турганда.
Корккон жаныбарларды айдап, кербендер өтүп бара жатышат. Эгер жаныбарлар дүрбөлөңгө түшүп, кой, топоз же жылкылар үрксө, Нарындын күпүлдөп аккан сууларына түшүп кетишет. Жергиликтүү тургундар, ошондуктан, “кандуу дарыя” дешет: сени колуна алса, коё бербейт. Бир жолу сени тартып алса, ал эч качан баш тартпайт. Менин такталарым күнгө кагайып, катаал кыштарда жарака кетет, бирок жергиликтүү бийлер мени жаз сайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турат. Себеби алар Кашкардан келген соода мамилелерин жакшыртып туруш керек, көзөмөлдөп, андан киреше ала алат.
1869-жыл: Жаңы адамдар келишти. Алар формачан, башка тилде сүйлөшөт. Жол бошобой, ызы-чуу, солдаттар менен аскерлер ары – бери тынбай өтүшөт. Биринчи жолу мен күнү-түнү катуу кайтарууга алындым. Жоокерлер дарыянын жээгинде жыгач казармаларын куруп жатышты. Формачан адамдардын бири жардамчысы менен менин устундарымды кылдаттык менен өлчөп, бардык маалыматтарды дептерге жазып башташты. Кыш күндөрүнүн биринде, алар мени бөлүп ала башташты. Алар мени калыбына келтирип, бул жолу тирөөчтөрдү бекемдешти. Устундарды жана жыгач тосмолорду бекемдешти. Өзүмдү сергек сездим, жаңыланганым жакты. Эми мен оор арабалардын өтүүсүнө туруштук бере алам.
Бара-бара аскерлердин казармасы чакан турак жайлар менен курчалып, боз үйдүн көчмөн калкы аскердик шаарчага азык-түлүк жана жумушчу күчүн менен камсыз кыла баштады. Менден кабарчылар үзгүлтүксүз өтүп турушат, алар дайым бош эмес окшойт. “Нарын” деп аталып калган бул жердин коменданты менен жолугушууга аймактагы эң таасирдүү адамдар келишет.
1916: Мен аркылуу өткөн унаалардын саны өзгөрдү. Менин үстүмдөн ачууланып, коркуп бара жаткан элдер пайда болду. Алардын айрымдары жаракат алышыптыр, көптөгөн үй-бүлөлөр буюмдары менен басып кетишти. Алар Кытайга ашуу аркылуу качууга аракет кылышууда. Айрымдары өткөрүү пунктунан камакка алынышты. Айрымдары дарыянын аркы өйүзүнө өтүүнүн жашыруун жана ошол эле учурда кооптуу жолдорун издеп жатышты.
Көп өтпөй, казармага жаңы формачан жаңы адамдар келишти: менин аркамдан өтүш үчүн адамдар акы төлөшпөйт, бирок өткөрүү пункту турат. Жаңы толкундануу пайда болду, белгисиздик дагы бар. Кээ бир эски башчылар экинчи келбей, жок болуп кетишти.
1960: Мен бул жерде жүз жылдан ашуун убакыттан бери турам. Азыр болсо мени жана Нарындын ортосундагы бешигимди өлчөөгө келген адамдар жыгач менен эмес, башка нерселер менен келишти. Алар темир устундарды жана ири бетон плиталарын алып келишип, кируу иштерин башташты. Трассанын жанында жөө адамдар өтүүчү жол бар, жаныма газ түтүгү жана электр зымдары тартылган. Мен кылым карыткан устундарым бар, жылбайм жана мени оңдоо оңой эмес. Бирок жыл сайын мен дагы медициналык текшерүүдөн өтүп турам, анткени Кытайдын чек арасына мен аркылуу өтүшөт. Нарындан кой, жүн, май жана сүт жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар өтүп бара жатышат. Ушул эле жүк ташуучу унаалар бут кийим, самын, мектептер үчүн китептер жана дарыянын эки тарабында курулган Хрущевкаларда жашаган адамдарды алып өтөт.
Балдар дагы бар. Алар менин жанымда жээкте балык уулаганды жакшы көрүшөт, бирок ата-энелери бул жөнүндө билишсе, ачууланып, балдарды «сууга барбагыла» деп тилдешет. Түнкүсүн, кээде менин темир тосмолорума чыгышып, боюн сууга таштаган адамдар болот. Капаланып, бактысыз сезип калап.
2016-жыл: Жүк ташуучу унаалар көп убакытка чейин темир-тезектерди ташышкан, бирок кийин азайып калды. Желим жана электрондук буюмдар менен кийимдерге толгон күркүрөгөн жүк ташуучу унаалар мени күнү-түнү аралап өтүшөт. Ташылган контейнерлерде сырлар жатат, аны мен билбейм. Алардын бири да Нарында калбайт, бардыгы Бишкекке туура кетишет. Азыр менден өткөндөрдүн ичинен эң таң каларлары ачык түстөгү синтетикалык кийимчен велосипед жана мотоцикл менен өткөн жуптар жана топтор. Көбүнчө алар нарындыктар менен бир тилде сүйлөшпөйт жана ар дайым сүрөткө биздин жерди тартып турушат. Менин эски досторум, баягы чычкандар менен келемиштер, кербендердин жолундагы мурда чачылып турган дандарды эмес, ыргытылган балмуздактын кагаздарын жалашат.