Көпүрөлөрдүн айтылбаган жашоосу

Жанн Фео де ла Круа, Деңиз Назарова, Чолпон Жуманалиева, Айдар Жумабаев

Фотосүрөт Көпүрөлөр майда сыйкырдуу бөлүкчөлөргө окшош, буга чейин болуп көрбөгөн нерселерди чындыкка айландыргандай. Көпүрө жөнүндө ойлонсок кандайдыр бир нерседен аттап кетүү же ал менен эч кандай мамиле түзбөгөндөй элестетебиз. Алар ар дайым максаттуу түрдө орнотулат жана жок болот. Көпүрөлөр эки жебе сыяктуу бир эле учурда эки багытты көрсөтөт. Бирок, аларга башка жандуу заттардай эле кам көрүшүбүз керек, адам алар менен ар кандай мамиле түзөт, мисалы: соода жүргүзүшөт, алар аркылуу турмуш курушат, үстүндө сейилдешет. Нарын жана Сырдарыя дарыяларынын жээгинде жашаган элдердин жашоосуна көпүрөлөрдүн курулушу жана кулашы чоң таасирин тийгизген

Токтогулдун райондук борборундагы асма көпүрөнүн курулушу/1960/Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофон документтеринин архиви

Көпүрөлөрдүн курулушу эбегейсиз эмгекти талап кылат, алар ойду үчүнчү өлчөмгө саякатка алып кетчү укмуш бир кереметке окшош. Көпүрөлөр – эркиндиктин бөлүкчөлөрү сыяктуу адамдардын жерге жана сууга болгон байланышын көрсөтөт. Токтогул суу сактагычы тургузулган үчүн сүрөттөгү көпүрө курулгандан кийин көп өтпөй эле чөгп кеткен. Токтогулдун райондук борборундагы асма көпүрөсүнүн курулушу.

Казармандагы жаңы көпүрө, 1984

Жогорудагы понтондук көпүрө Бекабаддын жанындагы Фархад көтөрмөсүнүн бөлүгү катары кызмат кылган. Көпүрөнүн инфраструктурасы гидроэнергетика сыяктуу кеңири үнөмияттык иш-чараларды колдойт

Адхам Аширов/Сырдарыядагы паром/2017

Жогорудагы паром жергиликтүү жашоочуларды алардын аралдагы талаалары менен күнүгө байланыштырат (Гулдинов айылы, Наманган району, Өзбекстан). 2016-жылга карата паромду колдонуунун баасы: жөө жүрүүчү – 700 сум (0,08 АКШ доллары), жеңил унаа – 3000 сум, оор жүк ташуучу унаа – 12000 сум

Нарын дарыясынан өткөн асма көпүрө/Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофон документтеринин архиви

Көпүрөлөр мамиле түзүү үчүн эн күчтүү курал, бирок ошол эле учурда кээде карым-катнашты азайтат. Кээ бир учурларда көпүрөлөр мамлекет же жеке инсан тарабынан контролдоо же салык пункту катары дагы колдонулат.

Өзбекстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофон документтеринин архиви

Көпүрөлөрдү куруу көрүнүктүү ишкердик болуу менен бирге, күчтүү саясий курал дагы боло алат. Сүрөттөгү понтондук көпүрө Сырдарыядагы Каракум көтөрмөнү куруу үчүн Таджикстандын тарыхый шаары Худжандда тургузулган

“Ленинабад 2500 жаш”, Г.С. Верховский, Е.Д. Ротенштейн, Г.Х. Хайдаров, С.Ш. Марофиев /Түнкү Ленинабад/1986/Ифрон, Душанбе

Байыркы шаар Худжанд Сырдарыянын сол жак тарабында жайгашкан. Оң жак жээги жашоого ыңгайсыз болгон. Күн катуу тийгендиктен ал жер каргалар менен кескелдириктердин сактануу жери болгон. 1939-жылы Худжандды өнүктүрүү үчүн ген план иштелип чыккан. Ошол кездеги жаш архитектор Сырдарыянын оң жээгин куруу боюнча сунуш киргизген. 1960-жылы Сырдарыянын оң жээгинде эки көпүрө салынып, жаны кичи райондор жана заманбап шаардын инфраструктура өнүккөн. Оң жана сол тараптар азыркы күнгө чейин жергиликтүү калктын аң сезиминде эки башка кабыл алынат. Мисалы, сол тараптагылар өздөрүн көптөн бери жашап келген калк катары көрсө, оң тараптагылар – жаны көчүп келгендер деп таанылат, айтылган факты эки тараптын жашоочуларынын үй-бүлө куруусуна да таасирин тийгизет

Ат-Башы дарыясынан өткөн көпүрө/1937/Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофон документтеринин архиви

Көптөгөн тоо жайыттары көпүрө аркылуу гана ачык: эгер көпүрө жараксыз болуп калса, тоо жайыттары колдонулбаган бойдон кала берет

Нарын шаарынын панорамасы/1968/Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофон документтеринин архиви

Нарын шаарындагы көпүрө курула электе мурун көрсөтүлгөн жер падышалык гарнизондук күзөтү болуу менен бирге Торугарт аркылуу Кытай менен болгон сооданы контролдоо пункту болгон

Айбек Самаков/Тасаттык – Алтай каналындагы курмандыкка чалуу ырымы/2019

Тасаттык – бул Казахстанда Сырдарыянын ылдый агымында жыл сайын коллективдүү курмандыкка чалуу ритуалы. Ритуалга жашоочулар эң ынгайлуу жер катары көпүрөнү тандап алган. Суунун жемиштүү жана элге жакшы болушун тилеп, бодо малды курмандыкка чалышат. Малдын каны суу менен аралыгы шарт. Элдин арасында суу менен байланышкан башка дагы ритуалдар бар, мисалы, сууга сыйынуу же сууга чөгүүдөн сактоо сыяктуу, бирок ислам үстөмдүк кылгандыктан көп колдонулбайт

Базар-Коргон айылы жана Базар-Коргон районун Совет айылынын ортосундагы авариялык абалда турган көпүрө/1987/Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофон документтеринин архиви
“Буюмду жоготкондо гана баалуулугун туясың”

Гүлзат Баялиева/2016

Жогорудагы көпүрө 2000-жылга чейин Кызыл-Жар (КР) жана Үч-Коргонду (ӨР) байланыштырып турган, ошол убактагы баткендик окуялар жана диндик кыймылдардын себебинен өзбек тарап көпүрөнү бузуп салышкан. Ал ушул күнгө чейин бузулган бойдон турат, бирок эл арасында оңдоо иштери жүрөт деп айтылат

2017

Фергана өрөөнүндөгү Сырдарыядан өтүүчү унаа көпүрөсү байыркы шаар Аксыкенттин (Наманган облусу, Өзбекстан) жашоочуларын талаа тилкелери жана айыл чарба иштери менен байланыштырат. Көпүрөлөр адамдардын арасындагы мамилени гана түзбөстөн, аны тургузууга жана сактоого кеткен эмгек көп учурда көмүскөдө кала берет