Чоочундарга кирүүгө болбойт

Алтын Капалова, Айдай Максатбекова, Лия Созашвили, Зуля Эсентаева, Оксана Капишникова, Назик Абылгазиева, Ольча Щетинина, Мохира Суяркулова

Курак-сүрөт

Куджант шаарында элге “Тажик деңизи” деп таанылган Кайраккум суу сактагычындагы шаардык жана “жапайы” жээктерде, Сыр-Дарыянын жээгиндеги чайканаларда жана майканаларда (сыра жана башка ичимдиктерди ичүүчү жайларда), нарда ойноп, балык уулап жана сууга түшүп жаткандардын арасында аялдардын бар болуусу кадимки көрүнүш эместигин жана коомдо кабыл алынган “туура” жүрүш-туруш түшүнүктөрүнө шайкеш келбегенин Др. Мохира Суяркулова байкаган.

Эркектердин уят дебей ич кийимчен ээн-эркин жээкте сейилдеп жана сууга түшүп жүргөнү Мохираны таң калтырган. Ошол эле учурда аялдар толугу менен кийимчен отурган. Аялдардын көбү чабак урганды билбегени да таң калыштуу болгон. Мохира үстүнкү кийимин чечип сууга кирүүдөн уялып, кийимчен чабак уруп көрдү. Кийим суу болуп, денеге жабышып, кыймыл-аракеттерди чектеген. Мындай шарттарда, аялдар эмне себептен сүзө албаганы түшүнүктүү болуп турат!

Тарыхка кайрылсак, дүйнө жүзүндө сууда сүзүү жана сүзө албоо коомдогу теңсиздиктерди чагылдырат – аялдар эркектерге караганда мүмкүнчүлүктөрү азыраак болуп, ар кандай көндүмдөрдү (анын ичинде дарыя жана башка сууларга тиешелүү көндүмдөрдү) үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болот. Сүзө албай туруп, дарыяга түшүү аялдын өмүрүнө кымбат турушу мүмкүн. Сууга түшкөндө көбү чөгүп өлөт.

Согд областында аялдар арасындагы өзүн өзү өлтүрүү учурлары эркектердикинен дагы көбүрөөк. Өздөрүнүн жанын кыйганынын негизни себеби – бул кыздарга жана аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук. Изилдөөчүнүн байкоолордун негизинде бул курак-сүрөттөрдү “Суу перилери” чыгармачыл тобу жасады.