Башат 2019

exibit.jpg

2019-жылдын июнь айында биз ондогон сүрөтчүлөрдү жана дизайнерлерди изилдөөбүздүн негизинде көргөзмөнү биргеликте иштеп чыгуу үчүн Нарынга чакырдык. Көргөзмө Мохира Суяркулова жана куратор Георгий Мамедовдун жетекчилиги астында Кыргызстандагы Нарын облусунун Тарыхый-этнографиялык музейинде өттү. Биздин жамааттык милдетибиз адам, табият жана альтернатива атту баяндамаларды көрсөтүү болчу. Көргөзмөнү жасалгалоо, драма жана иллюстрация сыяктуу кеңири чеберчиликке ээ болгон катышуучулар биздин долбоорго катышышты. Борбордук Азия Университети иш-чарабызды колдоп, он күндүн бою Нарын шаарындагы жатаканасында баардык шарттарды түзүп берди.

Бул бизге Нарын дарыясын изилдөөгө жана анын өрөөнүнүн жашоочулары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди. Көргөзмөнүн ачылышында биз ошондой эле ачык лекцияларды окудук жана балдар үчүн “Танаис жана Тал” иллюстрацияланган китебинин бет ачарын өткөрдүк. Жергиликтүү тилдерге которулган кеңейтилген виртуалдык көргөзмө – азыркы саякатка коюлган чектөөлөргө биздин жообубуз. COVID-19 пандемиясы башталганга чейин, биз дарыянын өйүзүндө жашаган төрт өлкөнүн тургундарына көчмө көргөзмөнү уюштурууну планданганбыз. Эң татаал кырдаалда дагы, Борбор Азиянын аккан суулары аркылуу ачык, тынч жана чың жашоонун жолдорун издөө мүмкүн деп ишенебиз.