Байтерек

Айбек Самаков, Зуля Есентаева, Нарынбек, Динара Каныбек кызы

Жасалма

Сырдарыянын аягында өмүр сүргөн элдин тиричилигинде жана үнөмиятында суу боюнда жыш болуп өскөн камыш өзгөчө орунду ээлейт. Жайында орулган камыш малга тоют катары колдонулат. Жергиликтүү диалектте “пшен” деп аталат. Кышында орулган камыш болсо, курулушта колдонулат. Кышкы камышты тыгыз боо кылып байлгандан кийин, ошол боолор “пашын”, же “шом” деп аталат. Үйлөрдүн дубалдарын пашын менен толтурушат, же кыдырата тизип, кашаа да жасаса болот.

Азыркы учурда пашынды “өткөн замандын”, же “эски” курулуш зат катары кабыл алгандар көбөйүп, пашындан салынган үйлөргө насыялар берилбей, үйлөр кызыл кыштан салынып, кашаалар калай темирден жасала баштады.

Мындай өзгөрүш өнүгүүнүн белгиси катары көрүнсө да, “өнүккөн” өлкөлөрдө темирден же кыштан салынган үйлөргө караганда камышка окшогон табигый жана таза заттардан салынган үйлөр көбүрөөк баалана баштады. Эгемен Казакстандын өнүгүүсүнүн белгиси болгон Байтеректи камыштан жасап, биз камыштын курулуш зат катары келечекте оруну бар деген ойду билдиргибиз келди.