Виртуалдык суу, 2016-жыл

Тома Сербан Пейу, Алис Хилл

Видео

“Виртуалдык суу” анимациясы – Арал деңизинин суусунун агымын камтыган карта. Виртуалдык суу деп аталып, бул пахта чарбачылыгына, суугатка кеткен суулардын агымын чагылдырат. 1960-жылдан 2016-жылга чейин айыл-чарба багытында ашкере колдонулган суу Арал деңизинин кургашына алып келген. Тома Пейу жана Алис Хилл анимация үчүн пахта жана суугатка тиешелуу маалыматты колдонушкан. Пахта ири экспорттолуучу өнүм болгондуктан, анын суугарууга кеткен суулардын маалыматына көңүл бурушкан. Анимациядагы нурлар пахта талааларына бурулган суунунун көөлөмүн билдирет. Суунун “миграциясына” көз салсак, ал адамдардын миграциясын да чагылдырабы деген ой пайда болот.

“Виртуалдык суу” деп өнүмдү чыгарууга керектелинген сууну айтабыз. Суу “виртуалдык” сыпатка ээ болуусу, ошол суу менен чыгарылган өнүм аймактан тышкары жерде сатылып, сууну аймактан натыйжалуу “экспорттоо” жатканына байланыштуу.  Виртуалдык сууну дүйнөнүн ар бир өлкөсүнүн экспортунда байкаса болот, бирок айрым өлкөлөрдүн экспортунда сууну көп талап кылган өнүмдөр басымдуулук кылат. Борбордук Азияны мисалга алсак, буудай, пахта, күрүч сыяктуу сууну сүйгөн өсүмдүктөрдү өндүрүү үчүн колдонулган виртуалдык суу аймактагы суу ресурстарын бир топ жоготууга алып келет.  Бул масштабдуу өзгөрүүнү Арал деңизинин соолуп баратканынан көрүнүп турат.

Бул тасма гидролог жана географ Элис Хилл менен кинорежиссер жана медиа окумуштуу Тома Пейунун кызматташтыгынын натыйжасында келип чыккан.  Мигранттардын эмгеги жана виртуалдык суу түшүнүктөрүнүн жардамы менен, биз аймактагы суунун жана эмгектин чет өлкөгө болгон агымдарын изилдейбиз. жок болуп жаткан суунун Арал деңизинин бассейниндеги жоголгон адамдар менен байланышын изилдейбиз.  Тома менен Алистин кызматташуусу Колорадо-Боулдер университетинин жаратылыш, айлана-чөйрө, илим жана технология студиясынын алкагында орун алган.  Өз ишинде “көркөм практиканы жана илимий изилдөөлөрдү байкоонун, жазуунун, тажрыйбанын жана билүүнүн жалпы жана ар кандай жолдорун изилдөө үчүн” айкалыштырып келет.  

Тасманы жасоодо төмөнкү маалыматтар булактары колдонулган: дүйнөлүк пахта өндүрүшү жөнүндө отчеттор, СССРдин соода китептери, маалымат базасы жана MИT университетинин экономикалык байкоо комплексинин маалыматтары. Бул маалыматтар ар бир республика үчүн бирдей деңгээлде толук эмес. Андан сырткары кээ бир маалымат учурундагы саясий себептерден бурмаланган болушу мүмкүн.  Тасманы жасоодо 1960-2016-жылдар аралыгында экспорттун үзгүлтүксүз баа берүүсүн камсыз кылган мыкты практикалык ыкмалар колдонулган.