“Танаис жана Тал”

Бул жомок суунун ханышасы Танаис жана анын суу жээгинде өскөн Тал дарагына болгон сүйүүсү жөнүндө. Бир күнү Танаис ойгонуп, сүйүктүүсү Талды адаттагыдай өсүп турган жеринен таппай калат. Эмне кылаарын билбей, ал аны издеп жөнөйт, алыс аралыкка агат, күрүчүн сугарууга бургусу келген адамдар менен күрөшөт. Танаис досторуна жолугат, камыштар менен жолугушат. Акыры бир кичинекей кызга жолукканда, ал Танаиске дарактар   баспаган үчүн Тал качып кете албай тургандыгын айткан. Анда кандай себеби болгон, Тал кайда? Кайгырган Танаис менен кийин эмне болду? 

Табият менен адамдын мамилесине, сүйүүгө арналган эл аралык жомокту балдар жазуучусу Алтын Капалова жазган. Иллюстрациялар сүрөтчү Дениз Назаровага таандык. Жомоктун видео версиясы кыргыз, казак жана орус тилдеринде чыккан.