Агымда

Гульзат Баялиева, Динара Каныбек кызы, Оксана Капишникова, Айдар Жумабаев, Деңиз Назарова
Жасалма, курак-сүрөт

Бул жасалма “Агымда” деп аталып, айланып турган аспап аркылуу Шамалды-Сай менен Маскөө шаарынын ортосундагы агымдарды көрсөтөт. Бул эки алыскы шаарларды бири-бири менен ийри долбоорлор жана үнөмияттык айлампа сымал байланыштырат.
Шамалды-Сай шаарчасы 1956-жылы Үч-Коргон ГЭСин курулуш долбоорунун натыйжасында пайда болгон. Бул Нарын дарыясында “туңгуч” ГЭСи болгон. 1914-жылдан тартып, бул аймакка изилдөөчүлөр келе башташат.

1956-жылдан баштап, Орусия, атап айтканда, Маскөө бул шаарчаны, ГЭСти, заводдорду курууга көптөгөн адистерди жөнөтөт. Гидрокуруучулардын, инженерлердин, жумушчулардын агымы менен бул аймак шаарчага айланат.

Маскөөнүн каржылоосу менен Шамалды-Сай ар кыл керектүү буюмдар, азык-түлүк менен камсыз болуп, “дефицит”, “импорт” аталган товарларга ээ болгон. Шаарчанын алтын мезгили деп 1970-жылдарды эскеришет. СССР таркагандан кийин, шаарчанын өндүрүшкө көз каранды болгон үнөмияттык тутум каттуу жабыркайт. Үнөмияттык каатчылыкты жөнгө салуу үчүн ар кандай иш-аракеттерди башташат. Акча табуунун ар кандай жолдору өрчүп баштайт: соода тармагы, айыл-чарба жана эмгектик көчүү.

Эмгек көчөрмандар негизинен Орусия жерине кетишет. Азыркы күндө Шамалды-Сайдын дагы бир агымын түзгөн эмгек көчөрмандары Маскөөдөн Шамалды-Сайга тапкан акчасын үйүнө жиберишип, кайра ушул эки шаарды байланыштырып турат.

Булактар:
Архивдик фотодокументтер: КРнын борбордук кинофотофоно архиви, Узбекистандын борбордук кинофотофоно архиви, Үч-Коргон ГЭСинин музейи, Шамалды-Сай, КР, Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарынын жеке сүрөттөрү, КР
Периодика: А.Осмонов атындагы улуттук китепкана: Советтик Кыргызстан, 1 апрель, 1962 #78 (10158); Советтик Кыргызстан, 1 ноябрь, 1962 #259 (10339); «Ленин жолу», 09.01.1962
Заманбап булактар: Автордук сүрөттөр, «Одноклассники» коомдук тармактагы “НарынГЭС – Шамалды-Сай” тобунан жеке адамдардын сүрөттөрү; «Одноклассники» коомдук тармактагы “НарынГЭС – Шамалды-Сай” тобундагы АБВГ АБВГ каймана ат менен катталган мүчөөсүнүн сүрөттөрү