Мирабтар

Адхам Аширов

Видео

“Мирабтар” аттуу видеотасмада Орто Азия чөлкөмүнөн жоголуп бара жаткан мираб кесиби жөнүндө баяндалат. Заманбап жашоодо мирабка жакын кесипти суу тармагында муниципалдык кызматтардан табууга болот. Илгертен бери мирабдар сугат тутуму менен алектенип келишкен. Алар арыктар аркылуу сугат суусун өткөрүшүп, көчөттөрдү сугарууну жана айылдын салкын болушун камсыз кылышкан.

Мындан тышкары, мирабтар канал, арыктардын тутумунун тазалыгына жана сугат сууларынын жакшы иштешине көз салып турушкан. Ал тургай, мирабдар өнөрүн муундан муунга өткөруп келишкен. Видеодо илгерки мирабдар тууралуу архивдик кадрларынан алынган жана талаа сугат боюнча адистердин маектеринен турган маалыматтар камтылган.