Көпүрөлөр

Азыр Нарын-Сырдарыядагы көпүрөлөр “укмуш” бир кубулуш эмес. Алар Сан-Францискодогу Алтын Гейт же башка белгилүү көпүрөлөр сыяктуу даңазаланбайт. Эч  кандай идеологиялык функцияларды аткарышпайт, туристтик жайларга дагы кирбейт. Алар биринчи кезекте инфраструктуралык объектилер катары иштөө үчүн курулган.

Нарындын негизги көпүрөсүнүн астында дөө балык жашайт деген имиштер дагы бар. Жол көпүрөсүнүн жанында, тактайлар менен темир кабелдерден жасалган  асма көпүрө жайгашкан. Баштыктарды колдоруна илип, “шайтан көпүрөсү” деп аталган көпүрөдөн бара жаткан  аялдар кездешет. 

Көпүрөлөр дарыядан коопсуз өтүүнү камсыз кылат. Көпүрө курула электе дарыянын аркы өйүзүнө өтүү аракети кандай болгонун, канча адам өлүп, канча баш бодо мал жана дан эгиндери жоголгонун болжолдой гана алабыз. Көпүрөлөрдүн мааниси зор болгондуктан, алардын курулушуна демөөрчүлүк жана демилгелер керек. Көпүрөлөр талкаланып, кырсыктын себепкери болсо дагы, жерди жана жолдорду суу “жеп” жатат деп көп айтылып келет.

Нарын облусундагы Ак-Сай дарыясы аркылуу өтүүчү бул алыскы көпүрө бир нече жыл мурун бузулган. Ушундан улам, жергиликтүү тургундар маанилүү кайнар булактан жана ыйык жайдан (мазардан) айрылып калышкан.