Admin

Локация

Казалы

Казалы району Кызылорда аймагында, Сырдарыянын төмөнкү агышында жайгашкан. Райондун калкы 80 минди түзөт, анын көбү райондун борборунда, Айтеке Би шаарчасында өмүр сүрөт. Жергиликтүү үнөмиятка темир жолдун салымы чоң. Элеттеги эл шалы өстүрүп, мал багып, балык кармап, камыш чаап жана жашылча-жемиш өстүрүп, тиричилигип кылат.  

Сырдарыянын суулары айыл чарбада колдонулат. Эки миңинчи жылга чейин, жергиликтүү калктын ичкен суусу да дарыядан келчү. Баскара айылында 1963-1970-жылдары салынган Казалы тосмосу дарыянын суусун каналдарга жана арыктарга буруп турат. Арык-каналдардын көбү Советтик доорго чейин Кичи Жүздүн уруу-тайпалары тарабынан казылган. Совет доорунда алар тереңдетилип, кеңейтилген. 

Сырдарыяга жакын жайганшкан жерлер “сыр” деп аталса, түндүк жактагы Каракум талаасы “кыр” деп аталат. Түштүк жактагы кумдар Кызылкум деп аталат. “Сыр” жана “кыр” деген сөздөр жергиликтүү элдин маданий өзгөчүлүктөрүн, тиричиликти сүрөттөгөндө жана тамашаларда да колдонулат.   

Сырдарыяны ар ким ар кандай сүрөттөшү мүмкүн. Жалпы деңгээлде дарыя “табигый” болуп сүрөттөлгөнү менен, жергиликтүү деңгээлде дарыя көптөгөн ирригациялык каналдарды суу менен толтуруп, “табигый-техникалык” тутум катары сүрөттөлөт. Жергиликтүү калк дарыядагы инфраструктураны курууну колдойт. Ошону менен бирге, мындай курулуш дарыядагы суунунун азайышына алып келгенин айтып келет. Суусу толуп, ташып турган дарыяга элдер көбүрөөк сый-урмат көрсөткөнүн айтып, дарыянын суусу аз кезде, аны эл көрбөй калганын айтышат. Оозеки тарыхта кургакчылык менен суу ташыган учурлар тууралуу окуялар сакталып калган.    

Локация

Худжанд

Худжанд Таджикистандын түндүгүндө жайгашкан шаар. Согд аймагынын борбору жана саны боюнча Душанбеден кийин экинчи орунда турат. Шаарды 181 600 киши турат. Худжант Сырдарыя боюндагы Борбордуктун Азиянын эң байыркы шаарларынын бири жана башка байыркы шаарлардай суу боюнда курулган. 

Hujand6-compressed.jpg

Сырдарыя Худжанд шаарынын ортосунан агып өтөт жана шаарды сол өйүз жана оң өйүзгө бөлүп турат. Тарыхта Сырдарыянын да шаардын да аты бир нече жолу өзгөргөн. Анын менен бирге башка өзгөрүүлөр да болгон. Мисалы, жаңы ГЭСтер, арыктар, көпүрөлөр, өндүрүш мекемелери курулган. Анын натыйжасында, дарыя боюнда жашаган элдин жашоосу, ошону менен бирге сууда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн да табигый шарттары өзгөргөн. Согд аймагы дагы саясий жактан бир нече мамлекеттик тутумдардын курамында болгон. Көчүү, басып алуу жана башка саясий, үнөмияттык жана социалдык өзгөрүүлөр аймактын жашоосунун өзгөрүүсүнө алып келген. 

Hujand7-compressed.jpg

Тарыхий булактарга ылайык Худжант шаарын мүйүздүү Искендер түптөгөн жана Четки Александрия деп аталган. Орус империясынын курамында болгон кезде шаар Ходжент деп аталып, 1936-1991 жылдары Кеңештик бийлик учурунда Ленинабад деп аталган. Дарыя болсо ар кайсы доордо Танаис, Яксарт жана Сырдарыя деп аталган. 

Байыркы доордун тарыхчысы Флавий “Александр Танаистин боюнда шаар түптөп, ага өзүнүн атын койду”-деп биздин доорго чейинки экинчи кылымда жазган. Худжантта соода жана кол өнөрчүлүк өнүккөн жана Сырдарыяда соода кемелери жүргөн. Дарыянын оң тарап жээгинде Чач жана Ферганадан келген соодагерлер үчүн короолор курулган. Х кылымдын географы Мукаддаси “Худжант – ыракаттын шаары, бул жакта мындан жакшы шаар жок, шаарды ырчылар менен даанышмандар макташат”-деп жазган. Худжант Бабур Намеде да айтылат. 

Орус империясын учурунда шаардын дубалдарынан тартып жыгач көпүрөгө чейин орустардын жаңы конушу түшүп, “Шахри нав” (Жаңы шаар) – деп аталган. Бул жерди суу көп каптап турган. Жаңы шаардын калкы көп болгондуктан темир жолдун жанында орус айылы үчүн жаңы жер бөлүнүп берген. 

Hujand8-compressed.jpg

“Хождении курчоо жана басып алуу. 17-24 май 1866-ж.”

Лениндин шары

1936-1991-жылдары Худжанд Ленинабад, же “Лениндин шаары” – деп аталган. Кеңеш бийлигинин программасынын негизги бөлүгү болуп өлкөнүн электрификациясы болгон. ГЭСтердин курулушу инфраструктуралык курулуш гана эмес, коммунизм үчүн жаратылышты өзгөртүү катары кабыл алынган. Расмий булактарда ГЭСтердин курулушу “жапайы дарыялардын ооздуктоо”, “Мырзачөлдү багындыруу” сыяктуу үстөмчүлдүк сөздөр менен сүрөттөлгөн.

Жаңы агым. Таш сүрөт (литография), Пилпенюк В. Огни Нурека. Душанбе, Ирфон, 1974. 
Сырдарыянын оң өйүзүндөгү Лениндин айкели. (Советтик Таджикистан: Сүрөт альбому. Душанбе, Ирфон, 1984). 

Кеңеш бийлиги учурунда Худжант “оң өйүзгө кадам таштаган” – социалисттик Худжант мурун эл жашабаган жерге жайыла баштады. Тоо боорунда жаңы кичирайондор курулган. “Худжанттын архитектуралык мурасы” китебинде Мукимов менен Мамажанов мындай деп жазышат: “Шаардын көркүн ача турган нерсе “бетон көйнөк” кийген Сарыдарыя болду. Кооз көпүрөлөр эки өйүздү бириктирип, бир шаардык комлекс кылды” (1993-жыл, 32-бет). 

Дарыянын боюндагы эс алуу жайлары

Тарыхий булактарша ылайык Худжанттын эли Сырдарыянын жээгинде көп убакыт өткөзүшөт. Суунун жээгинде эркектер жыйын өткөзгөн алоу-каналар, чайканалар жана самоорканалар курулган. Ал жерлерде эркектер баарлашып, тапчандарда отуруп, көп убактын өткөзүшкөн. Суу жээгинде мончолор да курулган. Алардын көбү эркектер үчүн болуп, аялдар көп барышкан эмес. 

Азыр деле оң өйүздөгү коомдук пляжга Худжаттыктар барышат, бирок алардын дээрлик баары эркектер. Таң эртең эркектер жээкке барып, машыгып, сууга түшкөнүн, андан кийин чай ичип, нарда, шахмат ойноп отурушкандарын көрсө болот. Күн батаарда ар кайсы жерде балыкчылар кайырмагын кармап, балык тутуп жатканын көрсө болот. Бирок балыктын саны жылдан жилка азайып баратканы да байкалат. 

Кайраккум ГЭСинин курулушунда пайда болгон, Тажик деңизи деп аталган суу сактагычынын жээгинде үй-бүлөлөр эс алганы барышат. Демек сууга баруу мүмкүнчүлүгүнө кишинин жынысы таасир этет. 

Жыныс жана чабак уруу

Мохира Суяркулова 2017-2018-жылдары Худжантта өзүнүн изилдөөсүн өткөрүп жатканда аялдар менен эркектердин ортосунда дарыя менен болгон мамилесинде айырма бар экенин байкаган. Мисалы, эркектердин көбү чабакты билсе, аялдардын көбү чабак урганды билишпейт. 

Жергиликтүү эркектер үчүн ич кийими менен сууга түшсө болот, ал эми аял кишилер узун көйнөк жана шым менен түшүшөт. Гендердик талаптар суу жээгин аялдар үчүн кооптуу аймак деп аныкталат. Ошондуктан суу жээгиндеги жердин көпчүлүгү, мисалы, пляж, бассейн, чайканалар, эркектердин мейкиндиги десе болот. Ошондон улам, аялдар чабак урууну үйрөнө алышпайт жана суу жээгинде болуу алардын абийирине шек келтириши мүмкүн.

Hujand5-compressed.jpg

Кайраксуунун “Тажик деңиздин” жээгиндеги балдар, 2017-жыд. Мохира Суяркулова

Локация

Фергана

Миң жыл аралыгында Сыр-Дарыянын боюнда жашаган калк терең экологиялык билимдерди топтоду. Анын ичинде жергиликтүү жашоо-тиричилик, сугат дыйканчылыгына байланыштуу суу менен байланышкан салттуу билим маанилүү ролду ойнойт. Бирок, акыркы жүз жылдан бери деңиздин жээгиндеги экосистемалар чоң өзгөрүүлөргө учурады. Салттуу экологиялык билимдерди карап карап көрөлү. Алар жергиликтүү элдин сууга жана дарыяга болгон мамилесин кантип чагылдырат? Фергана облусунун Дангара районундагы жергиликтүү жомок, уламыштар, мифтер, макалдар, ишенимдер жана каада-салттар, Хубби Ата сыяктуу ыйык жерлер бар. Бул салттуу билимдерди мирабдардан, дыйкандардан, балыкчылардан, аңчылардан жана салттуу дарыгерлерден жана жергиликтүү аксакалдардан билүүгө болот. Мисалы, Фергана өрөөнүндө суу жөнүндө мындай макал-лакаптар бар:

Атаң мурап болсо да, арыкты тазалап суу ич. 

(Отанг мироб бўлса ҳам, Ариқни тозалаб сув ич). 

Бир киши арыкты казар, миң киши сууну ичээр. 

(Бир киши ариқ қазир, Минг киши ундан сув ичар).

Сөз энеси – кулак, суу энеси – булак.

(Гапнинг онаси — қулоқ, Сувнинг онаси — булоқ). 

Дарыя суусун жаз ташытар, адам баркын мээнет ашырар. 

(Дарё сувини баҳор тоширар, Одам қадрини меҳнат оширар). 

Жер – эне, суу – ата, жер – казына, суу – гаухар.

(Ер — она, сув — ота, Ер — хазина, сув — гавҳар. 

Жер эгеси – кудай, суу эгеси – султан.

(Ер оғаси — худо, Сув оғаси — султон).

Инсан өмүрү – дарыянын суусу. 

(Инсон умри — дарё суви). 

unnamed-compressed.jpg

Сыр-Дарыя боюнча көз караштарда муундар аралык айырмачылыктар бар. Улуу муун дарыяны “касиеттүү”, “жашыруун”, “эне дарыя”, “улуу дарыя” деп эсептешет. Суу көбүнчө “тазалоочу” жана “айыктыруучу” деп мүнөздөлөт жана ар кандай ооруларга дары катары каралат. Кийинки муундардын кабыл алуусу башка. Аны жергиликтүү тургундар жаштардын суу менен байланышкан ишенимдерин төмөн деңгээлде билүүсүн, 1980-жылдардан бери Сырдарыянын суу деңгээлинин азайышы менен байланыштырышат. Демек, суунун азайышы менен “экологиялык билимдин” жоголушу ортосунда байланыш бар деп билишет. Анын үстүнө, 1980-жылдардан баштап дарыянын сууларын сугат иштерине гана колдоно башташкан. 

unnamed-1-compressed.jpg

Сууга болгон ишенимди жана көз-карашты жеткирүү жана кененирээк “экологиялык маданиятты” (дарыянын, суунун жана арыктардын тазалыгын сактоону) өркүндөтүү үчүн жергиликтүү ишкерлер жана фермерлер жаштар арасында мелдештерди жана оюндарды уюштуруп турушат. Жергиликтүү Ислам дини сууну туруктуу пайдаланууга үндөйт. 

Жергиликтүү ишенимдер жана мифтер Фергана өрөөнүндө суу башка элементтер менен катар ыйык деп эсептелгенин көрсөтөт. Салттык билимге таянсак, суу – бул суусаганды кандыруучу каражат гана эмес, айыгуунун жана тазалануунун булагы катары да сүрөттөлөт. Жалпысынан Фергана өрөөнүндөгү суу менен байланышкан жергиликтүү маанилерин жана ишенимдерди символикалык (тазалык, тазалануу, айыгуу ж.б.) жана практикалык (б.а. сугаруу практикасы) билимдер деп караса болот.

Сырдарыя дарыясынын ысымын балдарга ыйгаруу салты дагы бар. Сырдария, Сайхун, Дария сыяктуу ысымдар Фергана өрөөнүндө көп кездешет. Сырдарыянын жээгинде жайгашкан Тепекурган (Пап районундагы айыл), Калгандарыя (Мингбулак районундагы кыштак) жана башкалар сыяктуу айылдарга байланыштуу аталыштар да бар.

Локация

Шамалды-Сай

Нарын дарыясынын жанындагы Шамалды-Сай шаарчасы

Дүйнөдөгү көпчүлүк калктуу конуштар дарыянын айланасында өнүгүп келген, анткени алар шаардын жашоосунда маанилүү ролду ойношкон. Суу эко-биологиялык, химиялык гана зат болбостон, зор коомдук мааниге ээ. Бул, айрыкча, дарыялар менен адамдардын тыгыз мамилелеринде байкалат. Адамдар суу менен байланышканда, суу H2O молекуласы гана болбой, башка социалдык кубулуштарга ээ болот. Бул баракчадан Нарын дарыясынын ылдый агымынын сол тарабында жайгашкан Шамалды-Сайдын жашоосунун айрым учурлары менен таанышасыз. Изилдөөчү-антрополог Гүлзат Баялиева ушул жерде туулуп-өскөн жана сизди өзүнүн шаарчасы менен тааныштырат.

Бул бөлүмдө Шамалды-Сай тууралуу ар кандай темалар, Нарын дарыясында алгач болуп курулган үч-Коргон ГЭСи боюнчадаректүү тасма, суу инфраструктурасынын абалы жана чек аралардын пайда болушу жөнүндө кыскача сөз болот. Мындан тышкары, сайтыбыздын “Адам” бөлүмүнөн “Агымдар” аттуу арт-конструкцияны көрө аласыз.

Тогуз жолдун тоомунда

Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы Таш-Көмүр шаарына баш ийип, коңшулаш 6 айылды тейлейт: Шамалды – Сай, Теңдик, Кудук – Сай, Кызыл – Алма, Кашкулак – Сай, Чүйүт – Сай. Жалпысынан бул аймакта 18000ден ашуун адам жашайт. Шамалды-Сай Жалал-Абаддан 110 км, Таш-Көмүр шаарынан 34 км алыстыкта ​​жайгашкан.

Шамалды-Сай бир нече ГЭСтерди курууга түздөн-түз катышкан гидрокуруучулардын шаарчасы деп эсептелет. Нарын дарыясында – аксакалы Үч-Коргон, Күрп-Сай, Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтери курулган Үч-Коргон ГЭСи – Нарын каскадынын тунгучу. Эгерде 1960-жылдары курулуш жылдарында ал “эң кубаттуу” деп аталса (180 МВт), азыр ал өлкөдөгү эң төмөнкү кубаттуу ГЭСтердин бири болуп эсептелет. 1956-жылы Нарын дарыясындагы биринчи ГЭСтин курулушу үчүн убактылуу курулган Шамалды-Сай кеңейгенден кеңейип келет. 1990-жылдары, СССР кулагандан кийин, жергиликтүү заводдордун жабылышына жана өнөр жайдын төмөндөшүнө карабастан, шаарча өзүнүн өнүгүү жолун тапкан. 3000 адамга гана ылайыкташтырылган Шамалды-Сай азыр 18000ден ашуун адамды тейлейт. Мурунку өнөр жай шаарчасынын ийгилиги анын географиялык абалы менен байланыштуу – аны жергиликтүү тургундар өздөрү жети жолдун кесилишинде аташкан.

 Шамалды-Сай дарбыздары

Өлкөнүн башка аймактарында Шамалды-Сайдын ысымы дарбызга да байланaт. 2000-жылдардан баштап “Шамалды-Cай” дарбыздары брендге айланып, Кыргызстандын борборуна жеткирилип турат. Чындыгында, бул дарбыздар Шамалды-Сайда өссө дагы, массалык түрдө алар коңшу Кызыл-Жар, Кызыл-Туу айылдарында жапырт өсөт. Ошол жерден жайылып, биринчи дарбыз сезонун ачышaт. Шамалды-Сай дарбыздары Шамалды-Сай айылынын маңдайында жайгашкан Ош-Бишкек унаа жолунун боюндагы коон-дарбыз базарынан улам атала баштаган. Башка региондордун жашоочулары узак жолду кыскартып, жай мезгилинде таттуу жана арзан “шамалды-сай дарбыздарын” сатып алуу үчүн ушул жерге токтошот.

“Шамалды-Сайда шамалдан башка эч нерсе болгон эмес”

Шаарчанын тургундарынын эскерүүлөрүнө таянсак, бул сайда кааттуу шамал  атчандарды да учуруп салчу экен.  Катуу шамал азыр дагы, көп кабаттуу үйлөр курулуп бүткөндөн кийин, электр зымдарын жана бак-дарактарды үзүп салышы мүмкүн. Модернизациялоо жана Советтик ойлорго байланыштуу жергиликтүү эскерүүлөр кызык суроолорду туудурат. Тургундар Шамалды-Сайда шамалдан башка эч нерсе болгон эмес деп ишенишет. Көпчүлүк бул жерде “ээн талаа” болуп, дамба, ГЭС, шаарча курулганга чейин “адамдын изи” да болгон эмес деп баса белгилешет. Мындай дискурс Союз учурунда «жашоону биз алып келдик», «ээн турган, жараксыз жерлерди бейишке айланттык» деген маанайда айтылып келинген. Бул жердеги жашоо, Шамалды-Сайдын тургундарынын айтымында, 1956-жылы советтик электрлештирүү долбоору башталгандан кийин гана пайда болгон. Чын эле ошондойбу? Ооба, шаардын курулушу жана өнүгүшү Нарын дарыясында алгач болуп курулган Үч-Коргон ГЭСине байланыштуу. Бирок 1956-жылга чейин бул жерде шамалдан башка дагы бир нерсе болсо керек? Канчалык «ээн», «керексиз »жана “адамдын буту баспаган” жер болгонун карап көрөлү.  Шаарчага кире бериште талаа бойлой темир жол салынган рельстер бар, алар азыр дагы бар. Кээде, вагону бар өндүрүштүк поезд өтүп, көмүр же темир ташыйт. Демек, бул жерде шамалдан башка дагы объектилер, анын ичинде адамдар дагы болгон. Мисалы, 1936-жылы курулган Таш-Көмүр – Үч-Коргон темир жол тилкесинде жайгашкан, ушул эле аталыштагы “Шамалды-Сай” темир жол бекети да күбө. Ошол жылдары курулган жана жарым-жартылай сакталып калган, азыркыга чейин жашап жаткан казармалар дагы “ээн талаа болгон” дегенге каршы келет. Белгилеп кетсек, ГЭС курула электе эле адамдын издери болгон экен. Казармалар менен темир жолдон тышкары, Жедигер уруусунун оозеки баяндары, санжырасы бар. 18-19-кылымда жергиликтүү Базыл Баатырдын оозеки тарыхында баяндалгандай, Шамалды-Сай аркылуу Нарын дарыясында кечип өтө турган, суунун тайыз жери болгон. Базыл Баатыр жоокерлери менен бул жерге чогулуп, мал сугарып, түнөп, башка жээкке өтүшчү. Сол жээктеги уруулар, атап айтканда “жедигер” Өзбекстандын базарларына жетүү үчүн Шамалды-Сай дарыясын кечип өтүшсө, оң жээктеги Саруу уруулары, Аксыдан, Таластан кыргыздар дарыядан берки бетке келишчү. 

Таза суу

Көпчүлүк айыл-жерлериндей эле, Шамалды-Сай шаарчасында жана анын тегерегиндеги айылдарда тaзa суу маселеси курч турат. Көпчүлүк учурда, бул эскирип калган, бузулуп калган же болбосо таптакыр эле куурулбай калган инфраструктурага байланыштуу. Жергиликтүү тургундар мындай үзгүлтүккө көп жылдар бою учурап жүргөндүктөн, суунун жоктугуна көнүп калышкан. Суу жумасына бир нече жолу өчүрүлүп, өкмөт аны “тазалоо-курулуш” иштери менен түшүндүрөт. Cуу менен камсыз кылуучу жабдыктар, чындыгында, капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Шамалды-Сайдын суу түтүктөрү 1957-жылы орнотулган. Бүгүнкү күндө анын 80% жарактан чыккан. Ичүүчу суу түз эле Нарын дарыясынан фильтрден тазаланабай келет. Көпчүлүк адамдар суунун тазалангандыгын жана анын сапаттуу курамы кандай экендигин билишпейт. Көптөгөн жакын айылдар суу менен камсыз болбогондуктан, алар Нарындан түздөн-түз сууну флягаларга, цистерналарга, челек-чакаларга толтуруп камдашат. 90-жылдарга чейин Теңдик айылынын тургундары Нарын дарыясынан бакан менен суу ташып турушчу, ошондой эле эшектер менен, акыркы жылдарда автоунаалар менен ташып калышты. Сууну тиричиликте пайдалануу үчүн кээ бир короолордо жердин астындагы сууга жетүү үчүн кудуктар казылып, хауздар жасалат. Суу маселеси, алыскы айылдарды суу менен камсыз кылуу иштери  мамлекет тарабынан каралбай келет.

Чек аралар

Шамалды-Сай чек арада жайгашып, Фергана өрөөнүнүн түндүк бөлүгүн түзөт.  Өзбекстандын Үч-Коргон шаары жана базары менен кылымдар бою тыгыз байланышта болгон. Чектеш мамлекет менен жол байланышы түздөн түз «Шамалды-Сай – Үч-Кoргoн» станциясынан темир жол аркылуу болгон; ошондой эле, 8-километр деп аталган конуштан асфальттык жол аркылуу; андан сырткары Нарын дарыясындагы көпүрө (Кызыл-Жар айылы) аркылуу карын-катнаш, соода мамилелерин бекемдешкен. Бирок Союз  кулагандан кийин эгемендүүлүккө ээ болушу менен мамлекеттер чек араларды бекембеп баштаган. Чек аралардын пайда болушу коншулаш жайгашкан элдин мамилелерине, кыз алып бергенге, карын-катнаштарга, соода мамилелерине абдан чоң таасирин тийгизген.  Аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо иштери дароо эле иштеп кеткен эмес. Экономикалык абал оор болгондуктан, эл аралык уюмдар материалдык гана жактан эмес, аскер кызматкерлерин жана чек арачыларды окутууга жана каржылоого  да жардам берди. Көптөгөн жылдарга созулуп, дагы деле чектеш аймактарда, Фергана өрөөнүнүн ар кайсы бурчунда талаш-тартыш жерлер бар. Алардан айырмаланып, Шамалды-Сай чегара маселеси чыры жок чечилип, талаштуу аймактар жок. 

2000-жылы диний экстремизмге жана “Баткен окуялары” деп аталган окуяга байланыштуу Өзбекстан Үч-Коргонго жолду казып, зымдарды тартып, жолду жаап салган. Кызыл-Жардагы көпүрө дагы демонтаждалып, жол буулган. Кыргызстан тараптан 2003-жылы Шамалды-Сайда чек ара кызматы пайда болуп, аскер күчтөрү жайгаштырылган. Жалпы Жалал-Абад облусу боюнча, Шамалды-Сайдагы чек ара кызматынын башкы штабын түзүү чечими кабыл алынды. Ошентип, кароосуз калган No108 кесиптик техникалык окуу жайы чек арачылардын баш калкалоочу жайы болуп, эски автобаза болсо, аскер күчтөрүнүн штабына айланган. Алар ГЭСтер менен биргеликте өзгөчө корголуучу объекттер деп эсептелет. Бүгүнкү күндө Шамалды-Сайда күтүлбөгөн жерден пайда болгон аскерлер менен чек арачылар кадимки көрүнүшкө айланды.

Локация

Нарын

Жогорку Нарындын портрети

Даңктуу Нарын, кандуу Нарын же Нарын – биздин келечектеги байлыгыбыз

Кыргызстандын тоолорун көбүнчө Борбор Азиянын дыйканчылык оазистеринин “суу мунарасы” деп аташат. Нарын дарыясы ушул бийик тоолуу өрөөндү жүздөгөн чакырымдар бою аралап өткөн, тоо арасында жайгашкан терең суу.

Нарын дарыясынын терең жана ыңгайсыз жайгашкандыгына байланыштуу, сууларынын бир аз гана бөлүгү сугарууга же ичүүгө алынат. Дарыянын сайы терең болгондуктан жана тоолордун ортосунан аккан үчүн, ал алыстан көрүнбөй калат.

Бул жерде ар кандай элдер жашагандыгы, ошондой эле Кытай менен жигердүү соода жүргүзгөндүгү жөнүндө тарыхый далилдер бар болгону менен, Нарын облусу көпчүлүк учурда “өнүкпөгөн”, ошол эле учурда “нукура кыргыз” аймагы катары кабылданат. Мал чарбачылыгы – жергиликтүү экономиканын негизи.

Борбордук Азиянын башка жерлериндей эле, жумушсуздуктун айынан аймактын тургундары дагы эмгек миграциясына чалдыгып, чет мамлекеттерге кетип,  акча табууга кетүүгө аракет кылышат. Мал чарбачылыгынан тышкары, адамдар талааларда эгин өстүрүү менен алектенишет: картөшкө өстүрүү айрыкча малдары аз үй бүлөлөр үчүн адбан маанилүү. Нарын мал чарбачылыгынын аймагы катары белгилүү болгону менен, 10-кылымдагы сугат тутумдарынын калдыктары бар. Сугат маселесиндеги бийлердин ортосундагы уруштар ушунчалык маанилүү болгондуктан, элдердин эсинде жүздөгөн жылдар бою сакталып калган. Суу пайдалануучулар ассоциациясы аркылуу суу бөлүштүрүүнүн учурдагы практикасы көп учурда сынга алынат. Көпчүлүк фермерлер бул иш-чаралардын баасы жогору жана бюрократиясы ашыкча деп эсептешет.

Holiday-fishing.jpg

Жергиликтүү тургундар Нарын аймагын сыпаттаганда, адатта майы жана эти менен белгилүү Соң-Көл сыяктуу бийик тоолорду жана тоолуу жайыттарды эскеришет.

Нарын дарыясынын өзү кооз же баалуу нерсе катары сейрек эскерилет. Кээде адамдар “суу – биздин алтыныбыз” деп сыймыктануу менен айтып, бөгөттөрдүн, ГЭСтердин курулбаганынан бул байлык текке кеткенине нааразы болушат. Кыштын катаалдыгы жана электр энергиясынын тез-тез үзгүлтүккө учурашы көйгөй жаратып жаткандыктан, Нарындын көпчүлүк тургундары Нарынды бир катар суу сактагычтарга айлантууну колдошот. Бирок, Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча орус-кыргыз долбоору 2016-жылдан бери тараптардын өз ара айыптоосунан улам токтоп калган. Тянь-Шандын мөңгүлөрү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тез эрийт: жаңы дамбалар чындыгында арзан электр кубатын бере алабы деген суроо көптөн бери ачык болуп келген. Ошондой эле алар сейсмикалык активдүү аймакта талап кылынган жогорку коопсуздук стандарттары менен курулабы деген да кооптонуу бар.

NarynFlooding.jpg
Альтернатива, Башат 2019, Казалы, Нарын, Фергана, Хужанд, Шамалды-Сай

Көпүрөлөрдүн айтылбаган жашоосу

Жанн Фео де ла Круа, Деңиз Назарова, Чолпон Жуманалиева, Айдар Жумабаев

Фотосүрөт Көпүрөлөр майда сыйкырдуу бөлүкчөлөргө окшош, буга чейин болуп көрбөгөн нерселерди чындыкка айландыргандай. Көпүрө жөнүндө ойлонсок кандайдыр бир нерседен аттап кетүү же ал менен эч кандай мамиле түзбөгөндөй элестетебиз. Алар ар дайым максаттуу түрдө орнотулат жана жок болот. Көпүрөлөр эки жебе сыяктуу бир эле учурда эки багытты көрсөтөт. Бирок, аларга башка жандуу заттардай эле кам көрүшүбүз керек, адам алар менен ар кандай мамиле түзөт, мисалы: соода жүргүзүшөт, алар аркылуу турмуш курушат, үстүндө сейилдешет. Нарын жана Сырдарыя дарыяларынын жээгинде жашаган элдердин жашоосуна көпүрөлөрдүн курулушу жана кулашы чоң таасирин тийгизген

Continue reading
Альтернатива, Башат 2019, Хужанд

Чоочундарга кирүүгө болбойт

Алтын Капалова, Айдай Максатбекова, Лия Созашвили, Зуля Эсентаева, Оксана Капишникова, Назик Абылгазиева, Ольча Щетинина, Мохира Суяркулова

Курак-сүрөт

Куджант шаарында элге “Тажик деңизи” деп таанылган Кайраккум суу сактагычындагы шаардык жана “жапайы” жээктерде, Сыр-Дарыянын жээгиндеги чайканаларда жана майканаларда (сыра жана башка ичимдиктерди ичүүчү жайларда), нарда ойноп, балык уулап жана сууга түшүп жаткандардын арасында аялдардын бар болуусу кадимки көрүнүш эместигин жана коомдо кабыл алынган “туура” жүрүш-туруш түшүнүктөрүнө шайкеш келбегенин Др. Мохира Суяркулова байкаган.

Continue reading
Башат 2019, Жаратылыш, Казалы, Нарын, Шамалды-Сай

Нарын жана Аралдын үнү

Питер Кьюсак

Аудио

Суушталган аудиолор «Арал деңизинин жана Нарын дарыясынын окуялары» көркөм долбоорунун бир бөлүгү. Аталган долбоордо Арал деңизинин 1960-2018-жылдардагы тарыхы, деңиз соолуп, Анан кайра толо баштаганын изилдейт. Нарын суусу Аралга акканы үчүн, Нарындын да тарыхы маанилүү. Питер Кьюсактын долбоору суунун, деңиздин үн-добуштарына арналган. Питердин негизги суроосу болуп “Суунун үнүн угуп, суу кандай колдонулуп, же кордолуп жатканын билсек болобу?” эсептелинет.

Арал деңизиндеги жаан

Муз коңгуроолор

Аккан Суу

Тынарбек Керимбеков

Түбөлүк революция

Башат 2019, Жаратылыш

Виртуалдык суу, 2016-жыл

Тома Сербан Пейу, Алис Хилл

Видео

“Виртуалдык суу” анимациясы – Арал деңизинин суусунун агымын камтыган карта. Виртуалдык суу деп аталып, бул пахта чарбачылыгына, суугатка кеткен суулардын агымын чагылдырат. 1960-жылдан 2016-жылга чейин айыл-чарба багытында ашкере колдонулган суу Арал деңизинин кургашына алып келген. Тома Пейу жана Алис Хилл анимация үчүн пахта жана суугатка тиешелуу маалыматты колдонушкан. Пахта ири экспорттолуучу өнүм болгондуктан, анын суугарууга кеткен суулардын маалыматына көңүл бурушкан. Анимациядагы нурлар пахта талааларына бурулган суунунун көөлөмүн билдирет. Суунун “миграциясына” көз салсак, ал адамдардын миграциясын да чагылдырабы деген ой пайда болот.

Continue reading
Казалы, Киши

Казалы гидротүйүнү

Бул Казалы гидробөгөтүнүн салынышы жана ишке киришин көрсөткөн тасмаларды Советтик Казакстан тележурналы таркан. Казалы гидробөгөтү Казактсандын Кызылордо дубанынын Казалы районунун Баскара айылында жайгашкан. 1970 жылы ишке кирген гидротосмо Сырдарыянын төмөн агышындагы эң ири гидрокурулуштардын бири. Тасмалар Казакстандын кинофотоаудио кужаттардын архивинен алынган.